№9 Балдар искусство мектебинде «Жаш таланттар» аттуу жыл сайын өткөрүлүүчү сынактын гала-концерти жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө куттуктоо сөздөрү менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын начальниги Урмат Белекбаев чыгып, аталган сынактын өсүп келе жаткан муундун руханий жана маданий тарбиясындагы маанисине токтолушту.
Жеңүүчүлөр жана катышуучулар ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Жаш таланттар даярдаган жаркын музыкалык чыгармалар көрүүчүлөр үчүн чыныгы майрамга айланды.
«Жаш таланттар» сынагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын негизинде өткөрүлөт. Анын максаты – балдардын мекенчилдик сезимин, улуттук маданиятын, салт-санаа жана искусствого болгон урматтоосун калыптандыруу, ошондой эле таланттуу жана шыктуу окуучуларды колдоо болуп саналат.
Быйылкы сынак «Кыргыз элдик аспаптары» жана «Элдик вокал» багыттары боюнча өткөрүлүп, улуттук музыкалык мурастын сакталуусуна жана өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулду.
«Жаш таланттар» сынагы – бул балдардын өзүн-өзү көрсөтүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүчү аянтча эле эмес, борбор калаанын маданий чөйрөсүнүн өнүгүшүнө жана Кыргызстандын бай маданий мурасын сактоого кошкон салымы да болуп саналат.