Тольская Галина Ивановна 1929-жылдын 1-сентябрында Ленинград шаарында төрөлгөн.
Туулган шаарынын курчоого алынышы анын жашоосун биротоло өзгөрттү. Бир заматта жакындарынан айрылып, 36 жаштагы энеси менен эжелеринен ажырады.
Галина Ивановна согуштун алдындагы тынч жылдарды, апасы ага кооз кийимдерди тигип, бут кийим алып бергенин жылуу эскерет.
Согуш башталганда кичинекей Галя 12 жашта, экинчи сиңдиси 8 жашта, ал эми кенжеси болгону жарым жашта эле. Энеси жумушка кеткенде, аларга көп учурда Галя өзү карачу.
"Энем бизди жаздык менен жаап койчу, аткылоонун үнүн укпашыбыз үчүн. Биз бир керебетте уктачубуз. Бир жолу кыздардын бири ачкачылыктан каза болду, андан кийин артынан экинчиси да өтүп кетти. Эртеси апам келгенде, мен эки өлүк сиңдим менен жаткам", – деп эскерет Галина Ивановна.
Анын айтымында, аба соккулары белгилүү сааттарда болуп турчу. Ал коркунучтуу маалда эл бомба башкалкалоочу жайга жашынып калчу.
Согуш сигналы угулганда баары ошол жайга чуркап жөнөчү. Адамдар ал жерде көпкө чейин суу да, тамак да ичпей отура беришчү.
Бомбалар тынымсыз ташталып турчу. Ачкачылыктан буттар шишип кетчү. Эл анчалык азап чеккендиктен, ыйлоого да күч калчу эмес. Баары бир гана өлүмдү күтүп жашачу.
Галину Тольскаяны 1942-жылы эвакуациялашкан. Согуш бүткөндөн кийин Ташкент шаарындагы Сталин атындагы текстиль комбинатынын кампасында эсепчи болуп иштеген. 1960-жылы Фрунзе шаарына көчүп келип, пластмасса заводунда бухгалтер болуп эмгектенген. "Ленинград блокадасынын тургуну" белгиси менен сыйланган.