Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы «Александр» фермердик чарбасына малдын калдыктарын мыйзамсыз түрдө «Восток» аймагындагы талаага таштаганы үчүн жоопкерчиликке тартты.
Бул чарба «Лебединовка» МАБнын аймагында жайгашып, Бишкек шаарынын административдик чегине кирет. Аталган чарба таштандыларды чыгаруу жана аларды Бишкек санитардык полигонунда жок кылуу боюнча келишим түзүүгө милдеттүү болчу.
Муниципалдык инспекция, «Лебединовка» МАБ жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, ЖК «П.А.Ю.»га Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, 23 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Мындан тышкары, мыйзам бузууларды жоюу жана калдыктарды ветеринардык эрежелерге ылайык жок кылуу боюнча милдеттенмелер коюлду. Ошондой эле, фермердик чарба таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзүүгө милдеттендирилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Эпизоотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө» токтомуна ылайык, биологиялык калдыктарды жерге көмүү, таштандыга чыгаруу, сууга ыргытуу, таштанды контейнерлерине таштоо жолу менен жок кылууга тыюу салынат.
Мал чарбачылыгындагы калдыктар адам жана жаныбарлар үчүн коркунучтуу оорулардын таралышына себеп болушу мүмкүн.