Бишкек шаарында 2025-жылдын 22-апрелинен тарта жаңы №80 муниципалдык автобус каттай баштайт.
Маршрут 12-кичи райондон келечектеги Ак-Кула ипподромуна чейин каттап, борбор калаанын 40тан ашык аялдамасын камтыйт.
Жаңы каттам Фрунзе, Токомбаев, Ахунбаев, Байтик Баатыр, Сүйүмбаев жана Сүйөркулов көчөлөрү менен жүрөт.
Белгилей кетсек, каттамда "Zhongtong" жана "Golden Dragon" автобустары иштейт жана интервал 10-15 мүнөттү түзөт.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы тыгындарды болтурбоо үчүн жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.