«Кыргызстандын Көзү азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмеси көрүүсү жана угуусу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында концерт уюштурду. Иш-чаранын катышуучулары — ОО «КОС» жана «КОГ» мүчөлөрү болду.

Иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрага орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев болушту.

Шаар башчысы өз сөзүндө Бишкек шаарында майыптыгы бар  жарандар үчүн жеткиликтүү чөйрө этап-этабы менен ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Акыркы бир ай ичинде коомдук жайларга заманбап талаптарга жооп берген 6 пандус орнотулду. Ошондой эле чыгармачыл демилгелер да колдоого алынууда — мисалы, Чынарбек кызы Назгүлдүн чыгармачылыгы.

Мындан тышкары, мэр Айбек Джунушалиев шаардык кызматтарга коомдун айланасын көрктөндүрүү иштерине көмөктөшүү тапшырмасын берди.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, концерт катышуучуларга көптөгөн жагымдуу эмоциялар менен эсте кала турган таасирлерди тартуулады.