"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы административдик-аймактык реформанын (АТР) алкагында Свердлов районунун курамына кирген Биримдик-Кут коунушун жарыктандыруу иштерин аяктады.
Долбоордун алкагында ишкананын адистери 200 заманбап чырак орнотуп, 5400 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зымды (СИП) тартып, 68 сырткы жарык берүүчү түркүктөрдү орнотушту. Натыйжада, аймак толугу менен жарыктандырылып, ыңгайлуулук жана коопсуздук жогорулады.
Көчөлөрдү жарыктандырууга Свердлов районунун акими Капарбек Адиев жана "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын директору Элдияр Токтогонов катышты.
Эми тургундар караңгы убакта көчөлөрдө тынч жана коопсуз жүрө алышат, ал эми район жаңы жүзгө ээ болду.