"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаардыктарга социалдык тармактарда таратылган "Үмүт" конушундагы бир устунга орнотулган эки чырак тууралуу маалымат берет.
Аталган чырактар менен прожекторлор райондун тургундары тарабынан өз билемдик менен орнотулганын билдиребиз. Жабдуулар сапатсыз жана узак мөөнөттүү иштөө үчүн иштелип чыккан эмес. Мындан тышкары, байланыш түздөн-түз бузуулар менен ишке ашырылган, тиешелүү эсепке алуу жана коргоо жок, бул ашыкча чыңалуу коркунучун жаратып, тармакка да, башкалардын коопсуздугуна да коркунуч туудурган.
Биз тараптан бул аймакка 363 жаңы, кубаттуу лампалар орнотулган, ошондой эле 13 км ашык кабель тартылган, бул сапаттуу жана туруктуу жарыктандырууну камсыз кылат. Жабдуулар бардык техникалык стандарттарга ылайык туташтырылган.
Биз орноткон жарык берүүчү жабдуулар бузулган учурда, 0312 46-30-89 номерине чалып же +996 777 902 115 вотсап номерине билдирүү калтырсаңыздар болот, адистер ыкчам чара көрүшөт.
Биз жашоочуларды жарыктандырууну уруксатсыз орнотпоого чакырабыз.