Бүгүн, 2025-жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Джунушалиевдин жарандарды жеке кабыл алуусу өттү.
Шаар башчысы Биринчи май, Октябрь жана Свердлов райондорунун 22 тургунун алдын ала каттоо боюнча жеке кабыл алды.
Акимдер жана тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.
Шаардыктар районду жакшыртуу, турак-жай-коммуналдык чарба, транспорт жана башкалар боюнча кайрылышты.
Айбек Джунушалиев кызматтарга бишкектиктер тарабынан көтөрүлгөн маселелерди ыкчам жана белгиленген тартипте чечүүнү тапшырды.