2025–2026-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине сапаттуу даярдык көрүү максатында, 2025-жылдын 21-апрелинде саат 12:47ден 18:50гө чейин «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы магистралдык жылуулук тармактарын тыгыздыгына жана бекемдигине гидравликалык сыноолордун биринчи этабын өткөрдү.
Сыноолордун жүрүшүндө алдын-ала 40тан ашык ар кандай мүнөздөгү бузулуулар аныкталды, алардын ичинен 7сү — олуттуу, калгандары — орточо деңгээлдеги бузулуулар болуп чыкты. Бузуулар диаметри 500дөн 900 ммге чейинки жылуулук түтүктөрүнүн участокторунда аныкталды.

Сыноолордун биринчи этабы  негизги сыноолор менен капиталдык оңдоо иштерине чейин жылуулук тармактарынын абалын аныктоо максатында жүргүзүлүүчү даярдык көрүү этабы. Экинчи этаптагы гидравликалык сыноолорду ийгиликтүү өткөрүүгө тоскоол болуучу бардык бузулуулар 2025-жылдын 19-майына чейин жоюлат.

Негизги гидравликалык сыноолорду 2025-жылдын май айынын аягында, оңдоо иштеринен кийин өткөрүү пландалууда.
Алдыдагы күз-кыш мезгилинде  жылуулукту ишенимдүү жана үзгүлтүксүз берүү үчүн сыноолорду жүргүзүү абдан маанилүү жана зарыл чаралардын бири.