2025-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өкүлү менен биргеликте шаардык жеткиликтүү шарттарды түзүүнүн алкагында орнотулган жаңы пандустардын иштөөсүн жана ыңгайлуулугун текшерди.

Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы драма театрынын  алдына пандустар орнотулду, ошондой эле, №4 үй-бүлөлүк медицина борборунун жанында, бул жерде конструкция келүүчүлөр тарабынан активдүү колдонулууда.

Пандустарды орнотуу-ар бир тургун, физикалык мүмкүнчүлүгүнө карабастан, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылдай ала турган инклюзивдүү шаарды түзүү жолундагы маанилүү кадам.

Долбоорду ишке ашыруу борбордун жеткиликтүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон меценаттардын колдоосунун аркасында мүмкүн болуп саналат.

Эскерте кетсек, буга чейин борбор калаанын башчысы бардык чарбакер субъекттерге үч айдын ичинде өз аймактарына пандустарды орнотуп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын сактоо жана чындап ачык шаардык чөйрөнү түзүү үчүн кайрылган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө заманбап стандарттарга жооп берген пандустар 8 жерге орнотулду:
- Т.Сатылганова атындагы Кыргыз улуттук филармониясы;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпитал;
- «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору;
- Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи;
- Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры ;
- К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасы;
- Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы облустук драма жана сатира театры;
- №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.