Шаар күнү алдында, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев “Шератон” мейманканасында бизнес-коомчулук менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, мэрдин орун басарлары, инвесторлор жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун башында 2024-жылдагы Бишкек мэриясынын ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери, ошондой эле 2025-жылга пландары тууралуу видеоматериал көрсөтүлдү.

«2024-жылы Бишкек шаардык мэриясы тарабынан 1 миллиард АКШ долларынан ашуун инвестиция тартылды, учурда бул каражаттарды өздөштүрүү боюнча иштер уланууда. Бул — сырткы гана эмес, ички дагы  инвестициялар. Ишенем, ушундай жолугушуулар аркылуу бизнес-коомчулук менен биргелешкен долбоорлор көбөйөт», — деп белгиледи А. Джунушалиев.

Бизнес жолугушууда төмөнкү долбоорлор боюнча жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор тарабынан презентациялар жана видеоматериалдар көрсөтүлдү:

- эскалаторлор, заманбап лифттер, тейлөө объекттери менен жабдылган жаңы жер астындагы өтмөк жана 220 унаага ылайыкталган жер астындагы унаа токтотмо жайын камтыган инфраструктуралык долбоор;
- катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоо аркылуу электр энергиясын өндүрө турган экотехнологиялык завод куруу;

- саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо;

- “Royal Central Park” көп тармактуу комплексинин курулушу.

Жолугушууда муниципалитет менен бизнес-коомчулук ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.


Ошондой эле “ачык микрофон” уюштурулуп, катышуучулар суроолорун берип, сунуштарын билдиришти.