Бишкек шаарынын Ленин административдик районунун башчысынын орун басары Бактыгүл Исмаилова райондун мектептеринин директорлору, директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары, Социалдык педагог жана психологдору менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Жыйынга райондук ички иштер башкармалыгынын, билим берүү департаментинин, райондук билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектеп директорлору, директордун тарбия иштери боюнча орун басарлары, райондун социалдык педагогдору жана психологдору катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө билим берүү чөйрөсүндө, үй-бүлөдө жана коомдо балдардын коопсуздугун жана социалдык-укуктук жактан корголушун камсыздоо боюнча мектептердин, укук коргоо органдарынын жана социалдык кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү, ошондой эле мектеп окуучулары арасындагы чыр-чатактарды жана зомбулукту алдын алууда, зомбулукка туш болгон өспүрүмдөрдү өз убагында аныктоодо жана үй-бүлөлүк жагымсыз жагдайларды эрте аныктоодо класс жетекчилердин ролу талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төиөнкү тапшырмалар берилди:
- мектеп директорлору мектеп окуучулары арасындагы чыр-чатактарды жана зомбулукту алдын алуу жана зомбулукка туш болгон өспүрүмдөрдү өз убагында аныктоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүшсүн;
- РИИБ профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө ЖЖӨдүн ишин күчөтсүн, инспекторлордун өз постторунда дайыма болушун камсыз кылсын;
- райондук билим берүү башкармалыгы дарыгерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүү боюнча райондун мектептеринин педагогикалык курамы үчүн тренингдерди өткөрүү маселесин иштеп чыгуусу тууралуу тапшырмалар берилди.