Ленин районунда мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиев жана район башчысы Жыргалбек Шакиевдин жетекчилиги алдында муниципалдык администрациянын коллегиясы болуп өттү.

Жыйынга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, райондук кызматтардын жана МТУлардын жетекчилери катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө 2024–2025-жылдын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү маселеси, “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасы тарабынан Ленин району боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жана 2025-жылга карата пландалган иштер  каралды.

“Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасына “Ош базары” соода-тейлөө комплекси аймагын жашылдандыруу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле, район башчысынын орун басарына алдыдагы жылытуу сезонун өзгөчө көзөмөлгө алып, калк, социалдык жана шаардык мекемелер, ишканалар үзгүлтүксүз түрдө ысык суу жана жылуулук менен камсыз болуусун камсыздоо тапшырылды.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча тиешелүү токтомдор өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен кабыл алынды.