2025-жылдын 28-апрелинде мэриянын алдындагы экологиялык кеңештин жыйыны болуп, анда борбордун экологиясынын негизги маселелери талкууланды: шаардык экологиянын учурдагы абалы, жашыл аймактарды сактоо, жакшыртууга жаңы ыкмаларды киргизүү.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев экологиялык маселелерди чечүүдө системалуу мамиленин маанилүүлүгүн баса белгилеп, экология — бул бардык кызыкдар тараптардын аракеттерин бириктирүүнү талап кылган тармак экенин белгиледи.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча иштин форматын кеңейтүү жөнүндө чечим кабыл алынды: мэрия жарандык коомдун өкүлдөрү, шаардын жашылдандыруусуна кайдыгер карабаган эксперттер жана активисттер менен үзгүлтүксүз жолугушууларды демилгелөөдө.
Эми Бишкектин жашылдандыруу, көрктөндүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине тынчсызданган ар бир жашоочусу мындай талкууларга катышып, өз сунуштарын киргизе алат.
Жарандарды экологияга үйрөтүү жана жаратылыш ресурстарын башкаруу системасын чыңдоо боюнча иш-чараларды караган Экокеңештин 2025-жылга планын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Белгилей кетсек, жыйынга мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканалардын жетекчилери, ОО "Институт политики развития", MoveGreen уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Мэриянын алдындагы биргелешкен иш жогорку жоопкерчиликти жана конкреттүү натыйжаларга умтулууну көрсөтүп турат.