Ачык Бишкек Дельфы оюндары-2025 алкагында «Тележурналистика» номинациясынын катышуучуларына салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Мелдеш эки жаш категориясы боюнча өттү: 15-18 жаш жана 19-25 жаш. Калыстар тобу кесипкөй даярдыктын жогорку деңгээлин, чыгармачылык мамилени жана тандалган темалардын актуалдуулугун белгиледи.

15-18 жаш категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
Алтын — Уланбекова Нуржамал
Кумуш — Тихонов Тимофей жана Омельченко Данил
Коло — Казарова Анита

19-25 жаш категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
Күмүш — Асан кызы Айдана
Коло — Насерединова Жибек жана Мусабеков Нурсултан
Каармандарды тандагандыгы үчүн диплом — Кубанычбек кызы Зина
Позитивдүүлүк үчүн диплом — Данияров Канимет

Уюштуруучулар бардык катышуучуларга кызыктуу журналисттик иштери, кайталангыс темаларды таап, телекөрсөтүүнүн жандуу тили менен жеткире билгендиги үчүн ыраазычылык билдиришти. Жеңүүчүлөр жана дипломдордун ээлери жаштардын заманбап журналистиканы өнүктүрүүдөгү жогорку потенциалын тастыкташты.

Бардык лауреаттарды куттуктайбыз жана аларга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!