2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иш-чаралары ушул жылдын 1-апрелинен тарта башталган. Бир ай ичинде «Бишкекжылуулукэнерго” ишканасындагы 114 откананын 46сында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп бүттү.

Иш-чаранын алкагында эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылып, ширетүү иштери, жылуулук соргучтарын тазалоо, орнотуу, отказандарды монтаждоо, отканаларды актоо жана электр кыймылдаткычтарын демонтаждоо иштери жасалды.

Оңдоп-түзөө иштерине муниципалдык ишканадагы 5 тилкенин жетекчилери, кызматкерлери жана атайын техникалар тартылды.

Белгилей кетсек, алдыдагы күз-кыш мезгилине чейин “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасындагы бардык отканалар толук түрдө оңдоо иштеринен өтүп, жылытуу мезгилине даяр болот.