1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарында бир катар ири иш-чаралар өтөт.

2025-жылдын 8-май күнү  саат 10:00дөн 12:00гө чейин борбордук Ала-Тоо аянтында Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу аскер парады өтөт. Парадга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери жана башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышат. Парад учурунда 120дан ашуун аскер жана атайын техника, анын ичинде оор бронетехника, артиллерия, абадан коргонуу каражаттары жана авиация көрсөтүлөт. Техникалык бөлүктө мамлекеттин каржысы менен алынган заманбап аскердик техника сунушталат. Параддын аба бөлүгүнө Кыргызстандын жана Россия Федерациясынын аскер авиациясы катышат.

Ошондой эле 8-май күнү саат 16:00дөн тарта шаардыктар Фрунзе көчөсү менен Шопоков көчөсүнөн  Ибраимов көчөсүнө чейин жайгашкан аянтта аскердик техниканын көргөзмөсүнө күбө боло алышат.

2025-жылдын 9-май күнү саат 09:00дө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүүгө арналган «Өлбөс полк» аттуу аскер-патриоттук жүрүш Д.Асанов атындагы паркынан башталып, Жукеев-Пудовкин/Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтүп, Жеңиш аянтындагы «Өчпөс от» мемориалына чейин уланат. Бул учурда белгиленген көчөлөрдө убактылуу жол жабылат.

9-май күнү саат 10:00дө Жеңиш аянтында митинг-реквием өтүп, анын жүрүшүндө Өчпөс отко гүлчамбар коюу аземи, «аскер” кашасы тартууланып, саат 14:00гө чейин салтанаттуу концерт өткөрүлөт.

9-май күнү саат 17:00дөн 22:00гө чейин Ала-Тоо аянтында «Жеңиш ырлары» аттуу чоң концерт өтөт. Ага кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана Россиядан келген белгилүү артисттер катышат. Концерт программасы Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый хроникасы менен коштолуп, патриоттук рухтагы маданий көрсөтүүлөр сунушталат.

Бул чоң концерт Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен уюштурулуп, «Жеңиш 9/45» патриоттук кыймылы жана «Евразия» коомдук уюму менен биргеликте өткөрүлөт.

Түштөн баштап Ала-Тоо аянтында кыргыз жана орус элинин эрдик жолуна арналган интерактивдүү аянтчалар иштеп, курал-жарактар, аскердик кийимдер, жоокерлердин турмуш-тиричилик буюмдары көрсөтүлөт. Кечинде  концертти дрон-шоунун таң калаарлык көрүнүшү жыйынтыктап, миңдеген жарыктар менен асманды жаркыратат. Бул жаңы доордун – өткөн муундун эрдигине болгон таазимдин  символу болот.

Өткөрүлө турган иш-чараларга байланыштуу, Бишкек шаары боюнча МККБнын маалыматына ылайык, 8–9-май күндөрү төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:
•Ибраимов көчөсү (Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин);
•Шопоков көчөсү (Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин);
•Чүй проспектиси (Курманжан Датка көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин).

Урматтуу шаар тургундары жана калаа коноктору!
Бишкек шаарынын мэриясы Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышууга чакырат.
«Эч ким, эч нерсе, эч качан  унутулбайт».
Улуу Жеңиштин тарыхы биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт.