Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата Бишкек шаарында ачык асман алдында концерт өтөт.
Иш-чара 2025-жылдын 5-майында саат 18:30да борбордук Ала-Тоо аянтында, оргумалардын (фонтан) жанында өткөрүлөт.
Кечеде классикалык музыка жаңырып, көрүүчүлөргө Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри өз өнөрүн тартуулайт.
Урматтуу шаар тургундары жана калаа коноктору!
Бишкек шаарынын мэриясы Сиздерди ачык асман алдындагы концертке чакырат.
Келип, классикалык музыканын керемет дүйнөсүнө күбө болуңуздар!