Инновациялык борбордо 9-класстын окуучулары арасында өткөн «CreativTaimash» бизнес-батлынын финалы болуп өттү. Иш-чарага Бишкек шаарындагы ар кайсы мектептерден 10 команда катышты.
Күндүн жыйынтыгында төрт команда байгелүү орундарды ээлеп, бардык катышуучулар сертификаттар менен сыйланышты.
Батлдын негизги темасы — «Менин кыялымдагы колледж — абитуриенттерди кантип тартуу керек?» болду. Командалар өз долбоорлорун калыстар тобу менен көрүүчүлөрдүн алдында сунуштап, чыгармачылык, ишкерлик ой жүгүртүү жана эл алдында сүйлөө жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Суроолорго жооп берүүдө да таймашчылар ишенимдүү жана так болушту.
«CreativTaimash» жеңүүчүлөрү:
•Гран-при — "GEO girls" командасы (Анадолу түрк лицейи);
•1-орун — "DREAM" командасы (№111 мектеп);
•2-орун — "Exposion Spark" командасы (№12 Л.В. Толстунов атындагы мектеп);
•3-орун — "Табият достору" командасы (№101 мектеп).
Жеңүүчүлөргө кубоктор, дипломдор жана баалуу белектер ыйгарылды.
Бир күн мурун иш-чара расмий түрдө ачылып, командалар каттоодон өтүшүп, идеяларды жаратуу, креативдүүлүктү жана инновациялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, команда менен иштөө, ич ара ролдорду бөлүштүрүү жана аудиторияга презентациялоо көндүмдөр боюнча окуу-сессияларга катышты.
«CreativTaimash» — бул окуучулар арасында ишкердик жана презентациялык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган командалык сынак. Катышуу акысыз болуп, бизнес-батлдын форматы стартап-питчинг стилинде өткөрүлдү.
Иш-чаранын уюштуруучулары: Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Бишкектеги компьютердик системалар жана технологиялар колледжи жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети.