Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда Курултай көчөсүнө комиссиялык текшерүү менен барды.
Курултай көчөсүнүн Матисаков көчөсүнөн Кожомкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө муниципалдык жер тилкелеринин чегинен чыгып кеткен 13 тосмо аныкталган.
Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан аталган тилкелердин ээлерине алардын жерге болгон укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди берүү зарылчылыгы тууралуу эскертүүлөр берилген.