Ар жыл сайын 18-майда белгиленип келген Эл аралык музей күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу Мемориалдык музейлердин бириккен дирекциясы «Музейлер түнү» аталышындагы маданий акциянын алкагында кызыктуу иш-чараларды уюштурат.
2025-жылдын 16–18-май күндөрү шаар тургундары жана борбор калаанын меймандары музейлерге акысыз кирип, ар кандай мастер-класстарга, көргөзмөлөргө, экскурсияларга, адабий кечелерге жана перформанстарга катыша алышат. Ар бир музей өзүнүн өзгөчө программасын даярдап, чоңдорду да, балдарды да таң калтыра алат.
Иш-чаралардын программасы:
16-май, 14:00–20:00
С. Чокморовдун музей-устаканасы (Токтогул көч., 170)
«Жаратылыш обондору» көргөзмөсү — сүрөтчү Нурдин Асылбековдун жеке көргөзмөсү
17-май, 15:00–21:30
О.М. Мануйлованын мемориалдык үй-музейи (Тыныстанов көч., 108)
15:00–20:00 — «Калгым келет бул жерде» көргөзмөсү
17:00–20:00 — С. А. Чүйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайынын студенттеринин долбоорлору
20:00–21:00 — Т. Садыков атындагы Улуттук көркөм өнөр академиясынын студенттеринин мастер-класстары
21:00–21:30 — О.М. Мануйлова тууралуу даректүү тасманын көрсөтүлүшү
17-май, 17:00–22:00
С. А. Чүйковдун мемориалдык үй-музейи (Чүйков көч., 87а)
С. А. Чүйков, Е. А. Малеева жана Л. Месарош тууралуу экскурсиялар жана даректүү тасмалар
18:00–19:00 — Нурмат Манаевден «Live drawing» перформансы
19:00–20:00 — Юлия Ли, Максим Цопов жана Милана Алдосова тарабынан комикс жана силуэт графика боюнча мастер-класстар
17-май, 10:00–21:00
Г. Айтиевдин музей-устаканасы (Тыныстанов көч., 78)
Улуу сүрөтчүнүн өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу экскурсия
17-май, 10:00–20:00
А. Токомбаевдин мемориалдык үй-музейи (Чүйков көч., 109)
Аалы Токомбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу экскурсия
О. В. Осипова тарабынан өрмөк боюнча мастер-класс
Кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө
18-май, 17:00–19:00
Т. Сатылганов атындагы Адабият музейи (Токтогул көч., 109)
Адабий кече «Адабият түнү: Сөз дүйнөсүнө саякат»
Салтанаттуу ачылыш
Кыргыз поэзиясынан үзүндүлөр
18:00 — «Жандуу ырлар» аттуу поэтикалык кече
18:30 — Мастер-класстар
Баарыңыздарды искусство, тарых жана маданият дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө чакырабыз! Бардык иш-чараларга катышуу акысыз.