«Ош базары» соода комплексинин аймагында базарды санитардык жана өрт коопсуздугунун нормаларына ылайык келтирүү боюнча белгиленген планга ылайык Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин протоколдук тапшырмасын аткаруу жана жакшыртуу маселелери боюнча кезектеги жеринде текшерүү жүрүүдө.

Иш-чаранын алкагында 2025-жылдын 14-майында Кулиев көчөсүндө рейд жүргүзүлдү. Башаламан соодадан тазалоонун бешинчи этабы пландаштырылган.

Жөө кишилер үчүн арналган тротуарларда арабалар, кол чатырлар, столдор, отургучтар жана башка сатуучу буюмдар менен башаламан соода иштери жүргүзүлүп келет.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Рамиз Алиев шаар тургундарына тротуардын тазаланышы жана мыйзам негизинде иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, буга чейин уруксатсыз иш жүргүзүп жаткан стихиялуу соодагерлер сооданы өз ыктыяры менен токтотуп, аймакты бошотууга бир ай убакыт берүүнү суранышкан. Бирок, бул убададан бери эки ай өттү, эч кандай өзгөрүүлөр жок.

Бүгүн үч календардык күндүн ичинде мыйзамсыз сооданы токтотуу керектиги боюнча кайра-кайра эскертүү берилди. Талаптар аткарылбаган учурда, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык сатууга коюлган товарларды конфискациялоого жана протоколдорду түзүүгө чейин чаралар көрүлөт.

Токтогул/Бейшеналиева көчөлөрүнүн жээгинде муниципалдык кызматка орношуу боюнча айлык акы маалыматы бар маалымат күркөсү ишин улантууда.

Бул пункт мыйзамсыз иш менен алектенген шаар тургундарына, ошондой эле башка кызыкдар адамдарга Бишкек шаарынын мэриясындагы бош орундар менен таанышууга мүмкүндүк берет.

Башаламан соода санитардык нормаларды бузуп, жөө кишилерге жана транспорт каражаттарына тоскоолдуктарды жаратат, ошондой эле жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирет.

Башаламан  сооданы жоюу иштери пландалгандай уланат.