Борбор калаанын мектептеринде жашы жете электер арасында укук бузуулардын, мушташтардын, зомбулуктун жана баңгиликтин алдын алууга, ошондой эле кырсыктардын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүүгө багытталган ата-энелер коомчулугу менен жолугушуулар өтүүдө.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, ИИМдин Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери катышууда.

Бул жолугушуулардын максаты жаш муундарда эрте куракта укуктук, социалдык билимдерди калыптандыруу, ошондой эле ата-энелер үчүн маалымат аянтчасын түзүү болуп саналат.