2025-жылдын 17 - майында саат 9:00 – 20:00 чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Өчүрүү району:
- Садовый көч. – Шабдан Баатыр пр. – Ч. Валиханов көч. – темир жол тилкеси
менен чектешет;
- 7- апрель – Ауэзов – Исакеев – Ч. Валиханов көчөлөрү  менен
чектешет;

Ичүүчү суу   «ВПУ» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын  суранат.