Бишкек шаарында 2025-жылдын 14-майдан 19-майга чейин "Жылдын мыкты мугалими" жана "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынактары өтүүдө.
"Жылдын мыкты мугалими" сынагына 32 педагог 17 номинация боюнча катышууда. "Жылдын мыкты тарбиячысы" сынагына 4 номинация боюнча 14 педагог катышууда.
Бекитилген графикке ылайык, катышуучулардын кароосу жүргүзүлөт, анда үч тур белгиленет: өзүн-өзү презентациялоо, сабак, тестирлөө.
Сынактык калыстар курамында РККДИнын, КББАнын өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары бар.
Белгилей кетсек, бардык номинациялар боюнча биринчи орунду алган мугалимдер мындан ары сынактын республикалык этабына катышат.