Ленин районунда мыйзамсыз орнотулган жарнамалык конструкцияларды, борбордун дизайн-кодуна туура келбеген көрнөктөрдү жана баннерлерди демонтаждоо боюнча масштабдуу рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Иштер райондун муниципалдык администрациясы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын, "Бишкекбашкыархитектура" МИнин, муниципалдык инспекциянын, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жана МАБнын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлдү.

Рейд Рыскулов көчөсүнүн Ю.Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүн камтыды.

Рейддин жыйынтыгында 119 жарнама  демонтаждалып, мыйзамсыз орнотулган 48 жарнама тактасы жана баннерлер алынып салынды.

Иш-чаралар шаардын архитектуралык жана эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.

Мындан тышкары, муниципалдык инспекция тарабынан жеке адамга карата административдик протокол түзүлдү. 1 000 сом айып КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесине, 3-бөлүгүнө ылайык салынган. Мыйзам бузуу этикага жатпаган жана мыйзамга ылайык келбеген жарнамаларды уруксатсыз жайгаштыруу болгон.

Эске салсак, буга чейин "Бишкекбашкыархитектура" МИнин өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чарбалык субъекттерге сырткы жарнама жайгаштыруу эрежелерин сактоо зарылдыгы тууралуу билдирүү беришкен.

Ленин муниципалдык администрациясы тарабынан бул багыттагы иштер улантылат.