Бүгүн, 2025-жылдын 15-майында, алдыдагы жылуулук берүү мезгилине даярдыктын алкагында "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы 10-кичирайондогу 1978-жылы курулган №31 турак үйдүн жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын өткөргүч түтүктөрүн алмаштыруу боюнча пландуу иштерин жүргүзүп жатат.
Учурда бул үйдүн жер төлөсүндөгү 400 метр өткөргүч түтүк жана 110 даана бекитип жөнгө салуучу арматуралар алмаштырылууда.
Бул жумуштар жылуулукту ишенимдүү камсыз кылууну жогорулатууга жана системадагы жылуулуктун жоготууларын азайтууга багытталган.