Бишкек шаарында жүрүп жаткан жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу, 2025-жылдын 20-майынан тартып Лев Толстой көчөсүнүн К. Акиев көчөсүнөн Я. Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Ал эми Москва көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан тартып Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
Урматтуу шаар тургундары, жолду капиталдык оңдоо маалында коомдук транспорттун кыймылы да өзгөрөт. Андыктан маршрутуңузду алдын ала пландап алууну өтүнөбүз.
Өзгөртүлгөн коомдук транспорттун кыймыл чиймелери тууралуу өзүнчө маалымат берилет.