Шаар тургундарынын көптөгөн кайрылууларынын негизинде  Бишкек -Ала -Арча жарым-жартылай экспресс  каттамы кайрадан өз ишин баштады.

Жарым-жартылай экспресс каттамынын акыркы аялдамалары Бишкек шаарынын Т.Усубалиев атындагы эски аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында орун алган.

Белгилей кетсек, иш убактысы 08:00-19:00 чейин, алэми төлөм жүргүзүү накталай болсо 50 сом, накталай эмес болсо 40 сомду түзөт.

Аталган Бишкек-Ала-Арча экспресс каттамын 12 метрлик заманбап Исузу автобустары тейлейт.

Эскерте кетсек,  аталган каттамда 6 автобус 20-30 мүнөт аралыгында иш алып барып, Жусуп Абдрахманов көчөсү аркылуу жүрөт.