Бүгүн, 2025-жылдын 16-майында, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери оргумаларды тазалап, жууп жатат.
Жазгы кам көрүү иштеринин алкагында кызматкерлер оргуманын идишин таштандылардан тазалап гана тим болбостон, жабдуулардын жана түтүктөрдүн абалын текшерүүдө, бул оргумалардын жай мезгилинде үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылат.
Мындай иш-чаралар шаардын тазалыгын сактоо жана шаар тургундары менен борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында үзгүлтүксүз түрдө өткөрүлүп келет.