Бүгүн, 2025-жылдын 16-майда №2 орто мектебинде "Кыргыз-корей достук фестивалы" өттү.
2003 – жылдан баштап мектепте Кыргыз-корей достугунун фестивалын өткөрүү жакшы салтка айланган. Анда мектеп окуучуларынын корей маданиятына, тарыхына, тилине, каада-салттарына, спорттун улуттук түрлөрүнө болгон кызыгуусу чоң экени көрсөтүлгөн.
Үч жыл катары менен мектептин базасында волонтер – студенттер жайкы лагерди өткөрүп келишет, бул лагер балдар арасында чоң кызыгуу жаратууда.
Бул жылдар аралыгында жүздөй окуучу корей элинин улуттук спорт түрлөрүнүн маданияты, тили, каада-салты менен таанышты.
Мектепте корей тилин үйрөнүү 2001-жылдан бери Корея Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда, Корея Республикасынын Бишкек шаарындагы Билим берүү борбору менен №2 мектептин ортосунда, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин алдында түзүлгөн маданий келишимдин негизинде жүргүзүлүп келет.
Учурда корей тили 3-класстан 11-класска чейин окутулат.