«Үмүт үйү» улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеси Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара уюштурду.
Концерт аталган мекеменин кызматкерлери жана Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 2-курсунун студенттери тарабынан даярдалды.
Мекеменин жашоочулары согуш жылдарындагы ырларды аткарышты. Иш-чара эскерүү, урматтоо жана биримдик маанайында өттү.
Майрамдык иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүгүү департаментинин өкүлдөрү жана демөөрчүлөр катышты.
Бүгүнкү күндө «Үмүт үйү» социалдык стационардык мекемесинде 209 адам жашайт. Бардык тургундар акысыз социалдык, медициналык жана күнүмдүк жашоо кызматтары менен камсыз болушат. Мекеме жашоочуларын кийим-кече, бут кийим жана алгачкы керектүү буюмдар менен толук камсыздайт.