2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасында оңдоп-түзөө иштери уланууда.

Учурда 10-кичи районундагы отканада курулуш иштери жүрүп жатат. Ал эми Жал кичи районунда жылуулук түтуктөрү алмаштырылууда. Оңдоп-түзөө иштерине муниципалдык ишканадагы №1 жана №2 тилкенин жетекчилери, кызматкерлери жана атайын техникалар тартылууда.

Белгилей кетсек, алдыдагы күз-кыш мезгилине чейин “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасындагы бардык отканалар, жылуулук түтүктөрү толук түрдө оңдоо иштеринен өтүп, жылытуу мезгилине даяр болот.