Биринчи май районунда сууда сүзүү кызматын көрсөткөн чарбалык субъектилерге (бассейндерге) текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү иштери Биринчи май өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана Биринчи май РИИБ менен биргеликте өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу шарттары, объектилердин санитардык абалы жана учурдагы стандарттарга жана талаптарга шайкештиги текшерилди.
Суу объекттериндеги коопсуздукту камсыздоо боюнча иштер улантылат.