Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясында биринчи орун басар аким Майрамбек Адылбековдун төрагалыгы алдында гранттык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.
Жыйындын алкагында 12 долбоордук арыз каралды. Анын ичинен 8 долбоор бала бакчаларды оңдоо жана жакшыртуу иштерине, ал эми 4 долбоор көп батирлүү турак жайлар боюнча болду.
Талкуунун жыйынтыгында гранттык комиссия тарабынан 8 долбоор социалдык маанилүүлүгүнө жана ишке ашырууга даярдыгына жараша артыкчылыктуу деп табылып, жактырылды. Калган 4 долбоор кайра иштеп чыгуу үчүн жөнөтүлүп, кийинки жыйындын жүрүшүндө каралат.
Маалымат үчүн: Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 2-декабрындагы №114 токтомуна ылайык, «Бишкек шаарын өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун стимулдаштыруучу (үлүштүү) гранттардын эсебинен каржылоону уюштуруу жөнүндө», Октябрь райондук администрациясы үлүштү грант алуу үчүн катышуу арыздарын кабыл алат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн Бишкек шаары, Байтик Баатыр көчөсү №17, 60-кабинет, экономика жана финансы бөлүмүнө кайрылсаңыз болот. Телефон: 0(312) 57 66 50.