Бишкек шаарында 2025-жылдын 20-майында эки көчө - Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейин жана Москва көчөсү Асаналиев көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин калыбына келтирүү иштери үчүн жабылат.
Мунун негизинде, оңдоп-түзөө иштери бүткөнчө №195, 48, 227, 8Т, 10Т, 4Т, 23, 107, 103, 7Т жана 222 автобустун жүрүү кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.
Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранып, алдын ала жолуңузду пландап, мүмкүн болсо жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.