2025-жылдын 13–15-май күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында парадзюдо боюнча дүйнө чемпионаты (IBSA Judo World Championships Astana 2025)  өттү. Аталган эл аралык мелдешке дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн 300дөн ашык спортчу катышты.

Кыргыз Республикасынын намысын бул чемпионатта парадзюдо боюнча улуттук курама командасы коргоду. Команданын курамында ОРАБӨМ «Дельфиндин» тарбиялануучулары ийгиликтүү чыгышты:
•Убакирова Фердауза — 46 кг салмак категориясында күмүш медаль ээси;
•Уланбек кызы Айбике — 52 кг салмак категориясында коло медаль ээси.

Спортчулар эл аралык аренада жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана жеңишке болгон күчтүү эркин көрсөтүштү. Азыркы учурда алар Кыргыз Республикасынын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Имиянов Канат Таштанбековичтин жетекчилиги астында машыгышат жана аталган машыктыруучунун кол астында дүйнө чемпионатына даярдыктан өтүшкөн.

Бул медалдар спортчулар үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстандагы паралимпиадалык спорттун өнүгүшү үчүн да чоң жетишкендик болуп эсептелет.