2025-жылдын 19-майында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы Кулиев көчөсү/Чүй проспектисине, «Ош базары» соода жана оюн-зоок комплексинин айланасында башаламан сооданы тазалоо иштерин баштады. Рейд борбор калаанын башчысы Айбек Джунушалиевдин протоколдук тапшырмасына  ылайык жүргүзүлүүдө.

Рейд узак убакыт бою антисанитардык шарттарда, коомдук көрктөндүрүү эрежелерин жана мыйзамдарын бузуу менен башаламан соода жүргүзүп жаткан аймакты камтыды.

Соодагерлерге жайларды бошотуу боюнча алдын ала эскертүү берилген. Шаар тургундары жерди өз ыктыяры менен бошотуу үчүн буга чейин бир ай убакыт сурашканы менен, алардын кайрылуусунан бери эки айдан ашык убакыт өттү.

Тазалоо иштерине карабастан,  айрым соодагерлер кайрадан уруксат берилбеген жерде соода кылууга аракет кылышкан. Жеринде КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Шаардагы эң көп эл барган базарлардын биринде тартипти орнотуу, тазалыкты жана коопсуздукту камсыздоо максатында көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.