“Бишкек жылуулук тармагы” МИ тарабынан 2025-жылдын 21-майынан 28-майына чейин Бишкек шаарындагы магистралдык жылуулук тармактарда гидравликалык сыноолордун экинчи этабы өткөрүлөт.
Аталган сыноолор ар жыл сайын жүргүзүлөт, себеби жылуулук тармактарындагы бузулууга мүмкүн болгон жерлерди аныктоо жана аларды жоюу максатында жүргүзүлүүчү милдеттүү чара, ошондой эле алдыдагы жылытуу мезгилинде тармактардын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү иштешин камсыздоо үчүн зарыл.
Сыноолордун жүрүшүндө түтүктөрдүн жарылуусу, жол катмарынын урашына алып келүүчү көрүнүштөр, жылуулук тармактары төшөлгөн аймактарда суу каптоолор болушу мүмкүн.
Сыноолор жүргүзүлүүчү бардык участоктордо авариялык бригадалар кезметте болушат. Алар зыян келтирилген жерлерди аныктоо менен дароо ошол тармакты өчүрүп, калыбына келтирүү иштерин башташат. Сыноо жүргүзүлө турган участоктор тууралуу маалымат күн сайын берилет.
“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы шаар тургундарын этият болууга чакырат, ошондой эле түтүктөрдүн жарылышы же жол катмарынын урашына байланыштуу көрүнүштөр байкалса, дароо төмөнкү номерлерге кабарлоону суранат:
Диспетчердик кызмат: (0312) 56-85-58;
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору: (0312) 61-11-69, 1980; 0557 61-11-66, 0777 61-11-66, 0701 61-11-66.