№54 орто мектебинин 6-классынын окуучулары Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Пономарев Дмитрий Никитовичтин жубайы — эмгек ардагери Алла Яковлевна Лазаревага Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына арналган кайрымдуулук акциясынын алкагында барышты.

Мектеп окуучулары чарбалык иштерге жардам берип, үй жана короону тазалап, колдон келген жардамын беришти.

А. Я. Лазарева жубайынын Москвадан Берлинге чейинки согуштук жолун айтып, окуучуларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле өсүп келе жаткан муундун эмгекчил жана боорукер экенине кубанычта экенин белгиледи.

Мындай иш-чаралар жаштарды тарбиялоодо, улуу муунга болгон сый-урматты жана Мекенди сүйүүнү калыптандырууда маанилүү ролду ойнойт.

Белгилей кетсек, борбор калаадагы мектептерде мындай иштер жыл бою жүргүзүлүп келет.