Маевка МАБда МТФ-2 конушунун  аймагында жана Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын №377 контурунда айыл чарба багытындагы жерлерге мыйзамсыз тургузулган пайдубалдарды бузуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № ПЖ-109 «Жер участокторун өз алдынча жана мыйзамсыз басып алуу фактыларынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Райондук администрация жарандарды жер мыйзамдарын так сактоого жана жер тилкелерине карата мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга чакырат.