15-апрелден тартып Бишкек шаарынын мектептеринде колдонулган батарейкаларды чогултуу боюнча экологиялык акция — «Сенин Эко Зарядың» өтүп жатат. Бул демилге улуттук павербанк сервиси «Сенин Зарядың» тарабынан ишке ашырылып, мектеп окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууга, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтууга жана таштандыларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу принциптерин жайылтууга багытталган.

Акция 2025-жылдын 31-майына чейин узартылганын белгилей кетели. Эми мектептерде шаардык челенжге катышууга убакыт бар.

Бул акцияга экологиялык амбассадорлор, социалдык жоопкерчиликти алган компаниялар, Бишкек шаарындагы 64 мектеп, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана миңдеген экологиялык демилгени колдогон жарандар кошулушту. Бүгүнкү күнгө чейин 1,5 тоннадан ашык батарейка чогултулду.

Акциянын жыйынтыгында эң көп салмактагы батарейка чогулткан мектептер баалуу сыйлык алышат: жеңишке жеткен билим берүү мекемелеринин аймагында заманбап балдар аянтчасы же воркаут-зона курулат. Долбоор LEVEL CONSTRUCTION жана BRK GROUP курулуш компанияларынын өнөктөштүгү менен ишке ашырылууда.

Бишкек шаарындагы курулуш компанияларын «Сенин Эко Зарядың» акциясына активдүү катышууга чакырабыз. Сиздин салымыңыз шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга гана эмес, мектеп окуучулары үчүн ден соолукка пайдалуу жана активдүү жашоо образын түзүүгө да жардам берет.

Бишкекти таза жана коопсуз кылсак, ийгиликке бирге жетебиз!

Акция тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн байланыш номери: 0(505) 225 085.