Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эл аралык волейбол турнири өттү.

Иш-чарага Кыргызстандан келген 12 команда, ошондой эле Казакстандын өкүлдөрү, “Буревестник” волейбол клубу жана Алматы шаарынын мектеп окуучулары катышты.

Бул турнир коңшу мамлекеттердин жаш спортчуларынын ортосундагы достук байланышты чыңдоонун жана тажрыйба алмашуунун маанилүү аянтчасына айланды.

Кыргызстандын олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин (ОРАБӨМ) командалары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү: ОРАБӨСОМ командасы татыктуу 3-орунду, ал эми «Салам алик» командасы 5-орунду ээледи.

Мындай эл аралык турнирлерге катышуу спорттун өнүгүшүнө, жаштар арасында мекенчилдик сезимин тарбиялоого өбөлгө түзүп, муундарды бириктирген улуу тарыхый датаны унутпоого үндөгөн маанилүү иш-чара болуп калды.