"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагындагы Ленин районунун курамына кирген Жогорку Ороктун көчөлөрүн жарыктандыруу иштерин аяктады.

Долбоордун алкагында адистер 120дан ашык заманбап чырак орнотуп, тышкы жарыктандыруу мамыларын монтаждап, 5000 метрден ашык өзүн-өзү көтөрүүчү зым (СИП) тартышты.

Эми Жогорку Ороктун көчөлөрү жөө кишилер жана айдоочулар үчүн жарык гана болбостон, коопсуз да болуп калды.

Узак жылдар бою көмүскөдө калган аймактын көчөлөрү биринчи жолу толук кандуу жарыктандырылды.

"Бишкекжарык" МИси шаардыктар үчүн борбор калаанын ар бир бурчун жарык, коопсуз жана ыңгайлуу кылуу иштерин улантууда.