2025-жылдын 20-майында Бишкек шаарындагы «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дене тарбия жана спорт ишмери Бекболотов Адылкан Керимкуловичтин элесине арналган V Республикалык жыл сайын өткөрүлүүчү бокс боюнча турнирдин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Мелдештер 2011–2012-жылы төрөлгөн өспүрүмдөр арасында өтүп, беш күнгө созулат.
Быйылкы турнирге Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 200дөн ашык жаш спортчулар катышууда. Алар өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы спорт мектептеринин, федерациялардын жана клубдардын өкүлдөрү.
Турнирдин негизги максаты — өспүрүмдөр арасында боксту өнүктүрүү жана жайылтуу, келечектин мыкты спортчуларын аныктоо, Кыргыз Республикасынын курама командасын түзүү, ошондой эле кыргыз спортуна эбегейсиз салым кошкон Бекболотов Адылкан Керимкуловичтин элесин түбөлүккө сактоо болуп эсептелет.
Иш-чараны уюштуруучулары:
— Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти,
— “Адылкан Бекболотов атындагы боксту өнүктүрүү фонду”.
Турнир уюштуруучулардын жана өкүлдөрдүн куттуктоо сөздөрү менен башталып, жаш боксчулардын салтанаттуу жүрүшү менен коштолду. Андан соң алгачкы спортчулар рингге чыгып— катышуучулар өздөрүнүн даярдыгын жана чеберчилигин көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, мелдеш беш күнгө уланат. Бул аралыкта күчтүү спортчулар аныкталып, аларга кубоктор, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.
Бул турнир жаш боксчулардын республикалык деңгээлде өздөрүн көрсөтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк болуп келет.