Бүгүн, 2025-жылдын 16-июнунда “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы 2025–2026-жылдардын жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү алкагында Курманжан Датка көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагында пландуу реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө.
Азыркы учурда төмөнкү этаптар аткарылды:
•Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкеде асфальт төшөө иштери аяктап, траншея казуу иштери жүрүп жатат, учурда жумуштун 72% аткарылды;
•Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейин түштүк багытты карай экинчи тилкеде траншея казуу иштери уланууда, бул жерде жумуштун 98% аткарылды;
•Жер казуу иштери менен катар, эски түтүктөрдү демонтаждоо жана диаметри 426 мм болгон жаңы болот түтүктөрдү орнотуу иштери жүрүп жатат, бүгүнкү күнгө чейин 150 метр жаңы түтүк орнотулду.
Реконструкциялоонун алкагында узундугу 920 метр тармак толугу менен жаңыртылып, диаметри 426 мм жана 700 мм болгон түтүктөр толугу менен алмаштырылат.