2025-жылдын 9-июнунан 14-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Тамга айылындагы (Ысык-Көл облусу) аскердик санаторийинин спорттук базасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Носков Сергей Александровичтин жаркын элесине арналган Эл аралык «Улуттар Лигасы» турнири болуп өттү.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Узбекистан жана Россиядан 2010-2011-жылы туулган улан-кыздар катышты. Беш күн бою эң күчтүү командалар жогорку даярдыкты, жеңишке болгон эркти жана спорттук маанайды көрсөтүп, чемпиондук наамдар үчүн күрөштү.

Турнирдин негизги максаты - Кыргыз Республикасында баскетболду өнүктүрүү жана кадырлуу машыктыруучунун жаркын элесине таазим кылуу.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:
Балдар арасында:
1-орун — Бишкек шаарынын командасы;
2-орун — Жетисуй облусунун командасы (РК);
3-орун — AFB ОРАБӨСОМ;
4-орун — Ысык-Көл облусунун командасы (Тон).

Кыздар арасында:
1-орун — Бишкек шаарынын командасы;
2-орун — Каракол шаарынын командасы;
3-орун — Хакасия Республикасы (Россия);
4-орун — Фергана облусунун командасы  (Узбекистан).

Бардык жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Турнирди ОРАБӨСОМ Бишкек шаардык баскетбол федерациясы менен биргеликте уюштурган.