Армениянын Ереван шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнө кубогунда «Ак Илбирс» Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу — Усөн кызы Акак ийгиликтүү катышты.

54 кг салмак категориясында Акак мыкты техникалык жана өзүн ишенимдүү алып чыгып мыкты күрөш көрсөттү. Финалга жетүү жолунда ал Украина менен Түркмөнстандын өкүлдөрүн жеңип чыкты.

Чечүүчү беттеште Россиянын спортчусуна утулуп, экинчи орунду ээледи жана бул беделдүү эл аралык мелдештин күмүш медалинин ээси болду.