2025-жылдын 12–14-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде «Кыргызстандын Бермети» аттуу IX эл аралык спорттук турнир  өттү.

Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз Республикасынын жалпы 300гө жакын спортчусу катышты. Турнир жылуу, достук маанайда өтүп, катышуучулар жогорку даярдыкты жана жеңишке болгон эркин көрсөтө алышты.

Жалпы командалык эсеп боюнча биринчи орунду Бишкек шаарындагы «Жеңиш» атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби (ОРАБӨМ) ээледи. Экинчи орун — Ысык-Көл облусунун каратэ-до федерациясына, үчүнчү орун — Бишкек шаарынын Шотокан каратэ-до федерациясына ыйгарылды.

«Жеңиш» ОРАБӨМдүн спортчулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү:

Алтын медалдар:
•Эсеналиев Алибек (8–9 жаш, кумитэ, 35 кг чейин)
•Рабшанов Эмирлан (10–11 жаш, ката)
•Сагынбеков Ринат (10–11 жаш, кумитэ, 30 кг чейин)
•Абдимиталипов Амантай (12–13 жаш, кумитэ, 45 кг жогору)
•Жолчиев Айдар (14–15 жаш, кумитэ, 57 кг жогору)
•Эргашева Арууке (14–15 жаш, ката)
•Саидов Нуртилек (14–15 жаш, кумитэ, 57 кг чейин)
•Балтабаев Ариет (14–15 жаш, кумитэ, абсолюттук категория)
•Монолдоров Адилхан (16–17 жаш, кумитэ, 65 кг жогору)
•Корчубекова Жаңылмырза (16–17 жаш, кумитэ, абсолюттук категория)
•Асанов Нурсултан (16–17 жаш, кумитэ, 65 кг чейин)
•Мамметов Дильшат (16–17 жаш, ката)
•Сыдыкова Мариям (16–17 жаш, кумитэ, 50 кг чейин)
•Байышов Эльмырза (16–17 жаш, кумитэ, 55 кг чейин)
•Жузмалиева Бакытбек (16–17 жаш, кумитэ, абсолюттук категория)

Күмүш медалдар:
•Эсеналиев Атабек (10–11 жаш, ката)
•Кыдыралиев Рауф (12–13 жаш, кумитэ, 45 кг чейин)
•Муратов Азиз (12–13 жаш, кумитэ, 40 кг чейин)
•Пазылова Амина (14–15 жаш, ката)
•Камчыбекова Нуриза (16–17 жаш, кумитэ, 50 кг чейин)

«Кыргызстандын Бермети» IX эл аралык спорттук оюндары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган.