Аптаптуу ысыкка байланыштуу «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы шаар боюнча жашыл аймактарды түнкүсүн күчөтүлгөн тартипте сугарууну улантууда.
Шаардын негизги көчөлөрүндө, проспектилеринде, скверлеринде жана парктарында күн сайын 45 даана атайын сугат техникасы ишке тартылат. Сугат иштери саат 19:00дөн түнкү 02:00гө чейин жүргүзүлөт.
Кечинде жана түнкүсүн жүргүзүлгөн сугат нымдын бууланып кетүүсүн азайтып, бак-дарактарга, газондорго жана гүлзарларга нымдуулукту натыйжалуу жеткирүүгө шарт түзөт. Бул өзгөчө жай мезгилинде өтө маанилүү, анткени өсүмдүктөр үзгүлтүксүз жана кылдат кам көрүүнү талап кылат.
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантып, жашыл аймактарды сактоо жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуу экологиялык чөйрөнү түзүү боюнча аракеттерди улантууда.